Кыргыз өлкөсү менен Кытайдын чектешкен аймагында жер титирөө катталды
Кечээ, 6-октябрда саат 14:11де Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын чектешкен аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура, Эркеч-Там айылдарында 4 балл, Икизяк, Көк-Суу айылдарында 3 балл, Кара-Киндик, Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:27
2025-09-09
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.