Курсан Асанов митинг учурунда жаракат алып, ооруканада жаткан милиция кызматкерлеринен кабар алды














Ички иштер министринин милдетин убактылуу аткаруучу Курсан Асанов митинг учурунда жаракат алып, ооруканада дарыланып жаткан кызматкерлерден кабар алды. Алгач ал ИИМдин госпиталында жаткан укук коргоочулардын абалы менен таанышканын ИИМдин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Курсан Асанов жаракат алган кызматкерлердин сакайып, кызмат ордуна кайрадан кайтып келүүсү үчүн министрликтин башкармалыктары тиешелүү болгон чараларды көрөрүн белгиледи. Дарыгерлер кызматкерлердин өмүрүнө, ден соолугуна эч кандай коркунуч жок экенин айтышты.
Андан кийин Курсан Асанов Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жаткан укук коргоочулардан кабар алып, зарыл болгон жардам көрсөтүлөрүн билдирди. Аталган бейтапкананын башчысы Сабырбек Жумабеков жана саламаттыкты сактоо министринин статс-катчысы Калыс Шадыханов бейтаптар тиешелүү болгон дарылануудан өтүп жаткандарын айтышты.
Бүгүнкү күнгө карата 52 милиция кызматкери ИИМдин госпиталында, дагы 38и борбор калаадагы бейтапканаларда дарыланып жатышат. Мындан тышкары бир нече кызматкер амбулатордук дарыланууда.
