Бишкектеги Кыргыз-Түрк "Достук" ооруканасына коронавирус оорусу менен кайрылгандар күн санап көбөйүүдө
Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк "Достук" ооруканасына коронавирус инфекциясын жуктуруп алып, кайрылгандардын саны күн санап көбөйүп жатат. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
“Мага оору жукпайт” дегендер терең жаңылышат дешет Кыргыз-Түрк "Достук" ооруканасынын дарыгерлери. Алардын айтымында, медициналык уюмга күн сайын клиникалык жактан тастыкталган 10-12ден бейтап кайрылууда. Учурда медициналык уюмда 69 адам дарыланып жатат. Алардын төртөө жандандыруу бөлүмүндө, оор абалда экенин дарыгерлер билдиришти.
Эркин Бакиев: “Жарандар өзүнүн жана жакындарынын саламаттыгына болгон жоопкерчиликти унутуп коюшту. Акыркы эки аптада бизге келип түшкөн бейтаптардын саны көбөйдү. Мындан улам элге кайрылам. Беткап тагынгыла, социалдык аралыкты сактагыла, колду үзгүлтүксүз самындап жууп, антисептик менен тазалоону унутпагыла. Азыр респиратордук жугуштуу оорулар, сасык тумоо күчөдү. Бул ооруларды алдын алуу - маанилүү”, - дейт Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасынын кабылдоочу дарыгери.
Ал эми медициналык уюмдун жандандыруу бөлүмүндө иштеген дарыгер Надыр Жообаевдин айтымында, бейтапканада дары-дармек, медициналык жабдуулар менен жеке коргонуучу каражаттар жетиштүү.
“Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактагысы келбегендер биринчи кезекте үйүндөгү балдарынын, ата-энесин ойлошу шарт. Жоопкерчиликти терең сезип, Саламаттыкты сактоо министрлигинин сунуштарын аткарууга милдеттүү. Ушул жол менен гана COVID-19 илдетинин мындан ары жайылышына бөгөт коё алабыз”, - дейт Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн дарыгери Надыр Жообаев.
Өлкө боюнча 48 924 адам коронавируска кабылып, 44 227 киши оорудан сакайды. 1082 адам илдеттен дүйнө салды.








1 |