Өлкө аймагындагы медициналык уюмдар кыш мезгилине 75 пайызга даяр
Өлкө аймагындагы медициналык уюмдар кыш мезгилине 75 пайызга даяр. Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин финансылык саясат башкармалыгынын жетекчиси Мухтарбек Баймурзаев билдиргенин республикалык штабдан кабарлашты.
Анын айтымында, 5 миң 192 медициналык объекттин 64 борбордук жылуулук чордондоруна туташтырылган. 3 миң 357 имарат электр энергиясы менен жылытылса, 1761 объектке көмүр колдонулат. 10 имаратты жылытуу системи көгүлтүр отко өткөрүлгөн.
"Быйыл республикадагы саламаттыкты сактоо уюмдарына 17,5 миң тонна көмүр керектелет. Ал үчүн 62 миң 800 сом сарпталмакчы. Азыркы учурда медициналык уюмдарга 10,5 тоннага жакын көмүр түшүрүлдү. Тагыраак айтканда, 75 пайызга отун менен камсыздалды", - деди Мухтарбек Баймурзаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.