super.kg logo

Кабелдик интернет тартууга мүмкүн болбогон 20 мектепке "Илимбокс" орнотулат

 

Кабелдик интернет тартууга мүмкүн болбогон 20 мектепке «Илимбокс» орнотулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, алыскы аймактарда жайгашкан, кабелдик интернетти алып барууга мүмкүн болбогон 20 мектепке «Илимбокс» жабдыгы орнотулат.

"Илимбокс" Wi-Fi байланышын тарата алат жана жабдыктын ичинде Билим берүү жана илим министрлигинин бардык билим берүү ресурстары: oku.edu.gov.kg – Билим берүү порталы, kitep.edu.gov.kg/kg - электрондук китепканасы, https://lib.kg/lib/school/ - электрондук окуу китептери, ibilim.kg - окуучулар жана ата-энелерге башталгыч класстар үчүн иштелип чыккан 7 предмет боюнча электрондук программалык-методикалык комплекси, bb.edu.gov.kg/ - бул математика, физика, химия, биология, география, тарых, дүйнөлүк жана кыргыз адабияты, англис тили боюнча 5-9-класстарынын билим берүү стандарттарынын чегиндеги окуу материалдарынын мультимедиялык комплекси жана википедиянын офлайн версиясы, Хан академиясынын билим берүү ресурстары, электрондук энциклопедия жайгаштырылган", - деп айтылат маалыматта.

Окуучулар, мугалимдер өздөрүнүн телефон же ноутбуктарына "Илимбокстогу" билим берүү ресурстарын жүктөп алып же ошол порталда окуса болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: