Бишкекте төрт ооруканада COVID-19 менен ооругандарды кабыл алуу үчүн орундар даярдалды
Бишкекте төрт ооруканада COVID-19 менен ооругандарды кабыл алуу үчүн орундар даярдалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар Кыргыз-Түрк достук ооруканасы, Улуттук фтизиатрия борбору, Улуттук госпиталь жана №1 шаардык клиникалык ооруканасы.
Коронавирустук инфекциянын жана пневмониянын көбөйүшүнөн улам бейтаптарга квалификациялуу медициналык жардамды көрсөтүү үчүн бүгүн, 14-октябрдан баштап жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө орундуктар даярдалууда.
"Коронавирустук инфекция жана этиологиясы белгисиз болгон пневмониянын хирургиялык патологиясы бар бейтаптар үчүн Улуттук хирургия борборунда 15 орун; Улуттук онкология борборунда 11 орун; Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 100 орун; Темир жол ооруканасында 15-октябрдан баштап 50 орун даярдалат", - деп жазылат билдирүүдө.
