super.kg logo

Башкы прокуратура: "Атамбаев жана Шадиевдин коррупция, мыйзамсыз баюу боюнча иштери сотко өткөрүлдү"

 

Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев менен экс-депутат Аскарбек Шадиевдин коррупция, мыйзамсыз баюу, кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча иштери тергелип бүтүп, сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратуранын ведомстволор аралык төргөө тобу менен УКМКнын иликтөө иштери аягына чыкты. Анда Жазык кодексинин 319 "коррупция" жана 215-беренелери "кылмыштуу кирешелерди адалдоо" менен айыпталып жаткан Алмазбек Атамбаев жана Аскарбек Шадиевге карата козголгон иштер каралды.

  • Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык иштерде мамлекетке 5 миллиард 439 миллион 527 482 сом зыян келген;
  • 225 миллон сом өлчөмүндөгү кылмыштуу кирешелерин адалдоо жана 323,7 миллион сомго кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк сатып алуу жолу менен менен мыйзамсыз баюу;
  • Жалал-Абад облусундагы "Терек" сурьма кенинин "Южный" участогун, №17 блогун мыйзамсыз ээлеп алуу. Ал жакта сурьманын (7231 тонна), алтындын (265 килограмм) жана күмүштүн (4246 килограмм) жалпы 8 миллиард 255 миллион 146 миң сомдук запасы бар.

А.Атамбаев жана А.Шадиев жана башкалар мамлекетке чоң суммадагы 13 миллиард 694 миллион 673 миң 937 сом зыян келтиргени айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
21.10.2020. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Уялбай кайсы бети менен чыкты дагы бийликти ээлейм деп?! Бар мулкун конфискациялап, омур бою кучотулгон режимде камоо керек!
21.10.2020. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акча саман болсо уйалбай калат окшойт да. Таянаары акча болуп калат окшойт. Акча менен кана маселе жаралса чечип журо берем дешет да. Бийлике жанталашканы дагы ошо себеп болуш кк мурунку былыктарым сасып чыкпаса экен деп бийлике кайра жанталашып калышат да.
21.10.2020. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына сага!!! Я в шоке.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: