Бишкекте күндүз жаан жаайт. 23-октябрга карата аба ырайы
Эртең, 23-октябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Ал эми Ош, Ысык-Көл облустарынын өрөөндөрүндө жамгыр жаабайт.
Күндүз көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жамгырдан кийин кар жаайт. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда нөшөрлүү жаан-чачын күтүлөт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +3…+8;
Талас жергесинде түнкүсүн -1...+4, күндүз +2…+7;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +10…+15;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…-6 градус суук болот.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, эртең менен жана күндүз жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +6…+8 градус болот.
