ИИМдин 9 ай аралыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды



ИИМдин күзөт кызматынын 2020-жылдын 9 ай аралыгындагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-октябрда ИИМдин күзөт кызматынын 9 ай ичиндеги ишмердүүлүктү жыйынтыктоочу кеңешме болуп өткөн.
Аталган иш-чарага ИИМдин күзөт кызматынын жетекчиси Талант Исаев жана анын орун басарлары катышты.
“9 ай аралыгында ИИМдин күзөт кызматынын кайтаруусундагы мекемелердин жана жарандардын батирлеринин ишенимдүү сактыгы боюнча менчик ээлеринин алдында келишимдердин милдеттерин аткарууга, кылмыштуулук жана укук бузууларга каршы күрөшүүгө, ошондой эле мыйзамдуулукту жана кызмат тартибин катуу сактоосуна багытталган бир катар иш-чаралар жүргүзүлдү.
Мындан сырткары, 9 ай ичинде 3 миң 500дөн ашуун мекемелер, турак-жайлар кайтарууда турат. Алар чарбаларда каракчылыкка жана уурулукка жол бербөө максатында катуу көзөмөлгө алынды, бирок ошого карабастан кылмышкерлер тарабынан кирип кетүүгө жана уурулук кылууга аракет жасаган”, – деп билдирди Күзөт кызматынын жетекчисинин орун басары Касанов.
Ошондой эле ИИМдин күзөт кызматынын жетекчиси Талант Исаев кеңешменин жүрүшүндө күзөт кызматы тарабынан коюлуп жаткан айрым бир тапшырмалар аткарылбай жаткандыгын баса белгилеп, ар бир бөлүм башчысын катуу сынга алып, кемчиликтерди ушул жылы 12 айдын жыйынтыгы менен жоюу талаптарын койду.
