super.kg logo

Төө-Ашууда кар жаап жатат. ӨКМ айдоочулардын сак болуусун эскертет

 

Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда түндөн бери кар жаап жатат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында жана Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында жамгыр жаап жатат, ал эми республиканын калган аймактарында күн бүркөк. Учурда Төө-Ашуу, Өтмөк жана Ала-Бел ашууларында кар жаап жатат.
ӨКМнын адистери тоолуу унаа жолдору менен алыскы сапарга чыга турган айдоочуларга унаанын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жаныңыздарга унаага керектелүүчү жабдууларды ала жүрүүлөрүн эскертет. Мындан сырткары унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо талапка ылайык.
Кырдаалды жеринде көзөмөлдөө максатында ӨКМнын Чүй облустук башкармалыгынын Жайыл району бөлүмүнүн кызматкерлери жөнөп кетишкени маалымдалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: