super.kg logo

"Эми ал машыктыруучу кесипке ээ боло алат". Айсулуу Тыныбекова экинчи дипломун алды

 
Эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова экинчи жогорку билимге ээ болду. Бул тууралуу спортчунун машыктыруучусу Нурбек Изабеков SUPER.KG порталына билдирди.
"Буга чейин Айсулуу Тыныбекованын экономика адистиги боюнча жогорку билими бар болчу, андан кийин сырттан окуу боюнча Дене тарбия академиясында 3 жыл окуп, кечээ, 22-октябрда дипломун алды. Экинчи жогорку кесиби спорт багытында болду. Эми ал машыктыруучу кесиптин ээси боло алат", - деп билдирди Нурбек Изабеков.

Машыктыруучу Айсулуу Тыныбекова олимпиадага кайрадан даярдык көрүп, күнүнө 6 сааттык машыгуудан өтүп жатканын айтты. Жакынкы бир апта аралыгында Польша мамлекетинде өтүүчү эл аралык тестирлөө мелдешке катышууга даярдык көрүп жатканын кошумчалады.

Айсулуу Тыныбекова эркин күрөш боюнча Азиянын үч жолку чемпиону (2016, 2017 жана 2019), 2018-жылы Индонезиянын борбору Жакарта шаарында өткөн XVIII жайкы Азия оюндарынын алтын байгесинин ээси жана 2019-жылы Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(2)
23.10.2020. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Алга азамат кыз
24.10.2020. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бойдок болгонумда үйлөнөт элем ушул кызга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: