25-октябрда белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун туулган күнү белгиленди





25-октябрда белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун туулган күнү. Бул даталуу күнгө карата “Ала-Арча” көрүстөнүндө мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, жакындары жана бир катар уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен эскерилип, куран окулду.
Эскерүү иш-чарасына маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков катышып, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмердин жалпы кыргыз эли үчүн жасап кеткен иштерине токтолуп, жетекчи катары үлгү боло турган сапаттарын белгилеп, жалпы келген катышуучуларга ыраазычылык билдирди.
Исхак Раззаков 1979-жылы 19-мартта Москва шаарында каза тапкан. Кийинчерээк сөөгү эгемендүүлүк жылдары гана мекенине алып келинип, «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.