"Мен силерден эч нерсе суранбайм, өзүңөр чечкиле". Алмазбек Атамбаев ачкачылыгын улантууда
Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев СИЗО-1де ачкачылыгын улантууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жактоочусу Замир Жоошев билдирди.
Жактоочу бүгүн, 27-октябрда Алмазбек Атамбаевге жолукканын айтты. "Алмазбек Шаршенович ачкачылыкты улантып жатат. Мен бүгүн кирип, жолугуп чыктым. Түндө Алмазбек Атамбаев кан басымы критикалык деңгээлге түшкөнүн кабарлады. 58/81 көрсөткүчүнө чейин төмөндөптүр. Бүгүнкү күндө ал суу жана дарыларын ичип жатат. Бирок тамактанган жок. Башка абакка которуу боюнча маалымат беришип, кайсы жакка которолу деп сурашыптыр. Бирок Атамбаев "мен силерден эч нерсе суранбайм, өзүңөр чечкиле" деп жооп бериптир", - деди жактоочу.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Садыр дагы мыйзам боюнча турмодо олтуруш керек болчу. Бирок ал примьер болуп олтурат.
Дубана таарынса куржунуна залал, эмне унутуп калыптырбы кимдерди отургузганын турмого
Мынтип эле тез эле келип калат,башында озу бироого гор казганда кененирээк казыш керек эле да.