Ош шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди
Бүгүн, 6-ноябрда Ош шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин мемориалдык комплекстерине жана эстеликтерине гүл коюлду.
"Эскерүү иш-чарасына Ош шаарынын вице-мэрлери, легендарлуу парламенттин депутаттары мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары жана жаштар катышты.
"Өчпөс от" мемориалдык комплексинин жанына гүл коюлуп, бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерилди. Мындан тышкары бүгүн Ош шаарындагы башка мамлекеттик ишмерлердин эстеликтерине гүл коюлду", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 7-8-ноябрь күндөрү Кыргыз өлкөсүндө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү болуп белгиленет. Бул боюнча жарлыкка 2017-жылы кол коюлган.
