super.kg logo

"Дарак ыры" тасмасы Орусиядагы кинофестивалда "Мыкты сценарий" наамын жеңип алды

 

"Дарак ыры" тасмасы Орусиянын Чебоксары шаарында жакында эле жыйынтыкталган XIII эл аралык кинофестивалда "Мыкты сценарий" номинациясын жеңип алды. Бул туралуу аталган кинонун режиссёру Айбек Дайырбеков SUPER.KG порталына билдирди.

"Ар бир режиссёр өздөрүнүн тасмаларын абройлуу кинофестивалдарга жөнөткөнгө аракет кылышат. Биздин тасмабыздын фестивалдык турмушу жакшы башталган десем болот. Чоң фестивалга барганда эле атайын адистер ошол жактан жакшы тасмаларды тандап алышып, анан өздөрү чакырышат.

Биздин тасманы дагы башка фестивалдардан көрүшкөн экен. Алар бизге кат жолдошуп, кинобузду жөнөтүүнү суранышты. Биз интернет аркылуу жөнөттүк.

Тасма негизги сынактык программага катышты. Эң башкы сыйлык Гран-при, андан кийин мыкты режиссёр анан эле мыкты сценарий наамы. Сыйлыкты мен жалгыз алган жокмун. "Дарак ырынын" сценарийин Садык Шер-Нияз байкебиз экөөбүз жазганбыз. Экөөбүзгө бир берилди. Ал эми сыйлыкты пандемияга байланыштуу биз өзүбүз барып ала албай калдык", - деп билдирди Айбек Дайырбеков.

Белгилей кетсек, "Дарак ыры" тасмасы буга чейин бир топ сыйлыктарга ээ болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: