super.kg logo

Сапар Исаковдун дайынсыз болуп жатканына бир айдан ашты. Бул боюнча ЖАМК, Чек ара кызматы эмне дейт?

 

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун дайынсыз болуп жатканына бир айдан ашык убакыт өттү. Ал 6-октябрга караган түнү митингчилердин жардамы менен абактан чыккан. "Үй-бүлөлүк себептерден улам жети күнгө" деген жазуу менен бошотулган. Сапар Исаков Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына 13-октябрда келиши керек болчу. Бирок анын бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз болуп, изделип жатканын ЖАМКдан билдиришти.

Буга чейин мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Франциядан башпаанек сураганы тууралуу мурда журналисттик кесипти аркалап келген Улугбек Бабакулов социалдык тармактагы баракчасында жазып чыккан. Бирок бул маалымат тастыкталган эмес.

Бүгүн, 16-ноябрда Мамлекеттик чек ара кызматына "Сапар Исаков өлкө аймагынан чыгып кетиши мүмкүнбү?" деген суроо менен кайрылганыбызда, "мыйзам боюнча бул тууралуу маалыматты биз бере албайбыз, бул конфиденциалдуу маалымат", - деп жооп беришти.

Ошондой эле мурдагы өкмөт башчынын кайда экенин анын жакындары дагы билбейт деген маалыматын КСДПнын мүчөсү Кундуз Жолдубаева билдирди.

"Мен Сапар Жумакадыровичти акыркы жолу 10-октябрда Кой-Таштан көргөм. Ошол бойдон дайынсыз", - дейт Жолдубаева.

Эске салсак, 14-октябрда Сапар Исаков менен мурунку мэр Албек Ибраимовго кылмыш иши козголгон. 26-октябрда Сапар Исаков менен Албек Ибраимовго эл аралык издөө жарыяланган. Буга байланыштуу Сапар Исаковдун жактоочулары анын кайда экенинен маалыматы жок экенин айтып келишет.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, соттолгон Салайдин Авазов, Дамир Мусакеев, Айбек Калиев түзөтүү мекемелерине кайтарылган. Ал эми Жантөрө Сатыбалдиев ден соолугунун начарлап кеткендигине байланыштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин коштоосунда Улуттук кардиология жана терапия борборунда жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
16.11.2020. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кармап жатат кустуруп жатат деп кол чаап жаткан Садырдын фанаттары кайда? Кармабайбы таап.
16.11.2020. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
bond02, Эгерде Садыр Жапаров качкандардын баарын карматып, алтын кендерин 100% мамлекетке откоруп, уйунун алдына чейин асфальт тошоп, бекерчилик учун да пособия толой турган денгээлде онуктурсо ошондо да эмнеге уйго алып келип бербейт деп суйлонот болушун керек
16.11.2020. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
al-abu-kinesz,тушко кирбеген жомокту айтып салдын го.
16.11.2020. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кундуз билет кайда экенин!
16.11.2020. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чиновник, вор, эл душмандары, зыянкечтердин олкодон чыгып кетуусуно богот коюу, чыгарбоо жана качып кеткендерди кайтарып келуу боюнча озунчо коз карандысыз мамлекеттик орган ачыш керек уже.
16.11.2020. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карапайым эледен биро жарым ушинтип качкан болсо давно тапкан болот эле,карматпай качса атып таштай керек болсо,карапайым адам качып таможнядан отуп кетсе ачык эле айтмак сразы эле конфиденциясы жок эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: