super.kg logo

"Каражат үнөмдөө үчүн". Вице-премьер 3 аткаминерди Түркиядагы иш сапарга баруусуна уруксат берген жок

 

Түркияда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары боюнча делегаттардын жолугушуусу өтөт. Ал жакка Кыргыз өлкөсүнөн 5 өкүл барышы керек эле. Бирок мамлекеттик каражатты үнөмдөө максатында 2 өкүлдүн барышына гана уруксат берилип, үчөө барбай калды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Твиттер баракчасында жазып чыкты.

"Түркияда өтчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш кеңешмесине 5 өкүл (экөө кабыл алуучулар тарабынан каржыланат, үчөө мамлекеттик бюджеттен каржыланат) барышы керек эле. Түркияга маданият министринин орун басары жана Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттигинин жетекчисинин орун басары барат.

Башка көйгөйлөр бул жакта деле жетиштүү. Бюджеттик каражатты үнөмдөө кичинекей нерселерден башталат", - деп жазып калтырган Эльвира Сурабалдиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
16.11.2020. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сурабалдиева азамат патриот ашыкча чыгымдын эмне кереги бар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: