super.kg logo

"КМШнын мыкты студенти-2020" сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү

 

Билим берүү жана илим министрлигинде “КМШнын мыкты студенти-2020” сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеңүүчүлөрдү билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев куттуктады.

Долбоордун негизги максаты жаш окумуштуулардын инновациялык долбоорлорун аныктоо болду.

Аталган конкурска КМШ өлкөлөрүнөн 600 арыз ташталган. Кыргызстандан 70 студент катышып, алардын 24ү “КМШнын мыкты студенти” аталган.

“КМШнын мыкты студенти-2020” эл аралык долбоору 2020-жылдын март айында башталган. Долбоор “Бобек” жалпы улуттук кыймылы жана КМШ жаш окумуштуулар ассоциациясы тарабынан уюштурулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: