super.kg logo

Интернетте эмне кеп? 90 депутат, Элдик курултай... Таң эрте талкууга түшкөн Конституция, баасы асманды чапчыган азык-түлүк, алты саны амандардан артык оокат кылган бир колу жок Айзат

 

Шаршембинин таңы Кыргыз өлкөсүндө баш мыйзамдын кызуу талкуусунан башталды. Интернет колдонуучулары коомдук талкууга коюлган Конституциянын жаңы долбоорунун күнгөйү менен тескейин талдап улам жаралган суроолорду ортого салып жаткан кези.

Дароо эле көзгө урунган жана көпчүлүктүн көңүлүн бурган нерсе бул баш мыйзамдын расмий сайтка илинген жеринде орус жана кыргыз тилинде жазылган мыйзамдын ортосундагы айырмачылык. Орус тилинде президент 5 жылга жана 2 жолудан ашык эмес шайлана алат десе. Кыргыз тилинде 1 адам бир гана жолу, тактап айтканда, 5 жылга гана президент боло алат деп жазылганын көрүүгө болот.

Ал ортодо мыйзамды иштеп чыгууда биз катышкан эмеспиз деген депутаттар да чыкты.

Кыштын ызгаардуу суугу менен кошо келген азык-түлүккө болгон баанын, доллардын кымбатташы карапайым элди жакшы эле азапка салып жаткандай. Жеке ишкерлер иштерин жаап жатканын зар какшап жатышат. Азык-түлүктүн кымбатташы менен карапайым эл айыл-чарба министри болуп дайындалган Тилек Токтогазиевди эстеп, бааларды көзөмөлдөбөй эмне иш менен алек болуп жатканын айтып суроо салышты.

Социалдык тармактарда жоолукту туура салынууну, тамак-аш, макияж жасоону үйрөткөн бир колу жок Айзат көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурду. Интернет колдонуучулар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелбесе да жашоосуна нааразы болуп, жашаганды билбеген адамдар Айзаттай болгон адамдардан сабак алып, колунда бар нерсеге шүгүр кылып жана аракеттенип жашашы керектигин жазып калтырышкан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: