super.kg logo

Бишкектин Свердлов районундагы баш калкалоочу жайда 55ке жакын адам убактылуу жашайт

 

Бишкекте аба ырайы суук боло баштагандан бери туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн баш калкалоочу жайлар күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 18-ноябрда Свердлов районунун акими Мурат Осмонов Фере көчөсү, 34А дарегиндеги баш калкалоочу жайдын ишин текшерди. Үй-жайсыз адамдар өздөрү келип, жөн гана тамактанып, жылынып кетишет, айрымдары түнөп калышууда.

Коопсуздук үчүн милиция кызматкерлери, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун дарыгерлери жана медайымдары борбордогу бардык баш калкалоочу жайларда ар дайым нөөмөттө болуп, керектүү медициналык жардамдарды системдүү түрдө көрсөтүп турушат.

18-ноябрга карата Свердлов районундагы баш калкалоочу жайда 55ке жакын адам убактылуу жашайт.

Эскерте кетсек, имараттын ичи жаңыланып, айнектери салынып, электр жарыгы, шып жана пол, керебеттер оңдолгон. Төшөктөр (матрацтар, жууркан, жаздыктар, шейшептер) сатып алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: