Бир суткада 29 жаран. Бишкекте үй-жайы жок делингендерди милиция кызматкерлери көчөдөн издеп таап, баш калкалоочу жайга жеткирди
Акыркы суткада туруктуу баш калкалоочу жайы жок делинген 29 жаран муниципалдык мекемеге жеткирилди. Аларды издөө жана аныктоо иштерин Бишкек ШИИББинин кызматкерлери жүргүзүшүүдө.
Белгилүү болгондой, аба ырайынын кескин суук болуп кеткендигине байланыштуу кайгуул кызматынын кызматкерлери жашаганга туруктуу жайы жок жарандарды издеп таап, "Коломто" муниципалдык мекемесине (үй-жайсыз калгандар үчүн баш калкалоочу жай) жеткирип жатышат. Жарандарга ал жактан медициналык жардам, ысык тамак-аш жана жылуу жууркан-төшөк берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.