Экономика министрлиги кумшекер 1 сомго, өсүмдүк майы 5 сомго кымбаттады деген. Буга керектөөчүлөр эмне дейт?
Экономика министрлиги өткөн эки аптада жүргүзгөн анализинин жыйынтыгы боюнча өсүмдүк майы 5 сомго, ал эми кумшекердин баасы 1 сомго жогорулагандыгын маалымдаган болчу. Бүгүнкү күндө бул азык-түлүктүн баалары тууралуу SUPER.KG порталы Бишкектеги "Аламүдүн" базарында өсүмдүк майына жана кумшекерге болгон баалардын жогорулашы тууралуу керектөөчүлөр эмне дейт? деген темада сурамжылоо жүргүздү.
"Биз дайыма азык-түлүктү "Аламүдүн" базарынан алабыз. Мурда суу майды 85-95 сомдон алсак, азыр 135-140 сомдон алып жатабыз. 30-35 сомго чейин кымбаттайт деп айтылган, бирок базарда 30-35 сомго кымбаттап кетти. Өтө эле жогорулады. Эттин килограммы 380 сомдон болчу, азыр 420 сомдон алып жатабыз", - деди шаар тургуну Жараш Масырканов.
"Бизде өсүмдүк майы мындан үч ай мурун 75 сомдон 100 сомго жогорулаган. Азыр 100дөн 135ге чейин кымбаттады. Башка азык-түлүктөргө салыштырмалуу өсүмдүк майына болгон баа аябай кымбаттады. Кумшекердин баасы жыл сайын 35 сомго түшүп, 55ке чейин көтөрүлөт. Анын баасы учурда 50 сомдон жогорулаган жок. Баалардын жогорулашы учурдагы абалга да жараша болуп жатат, доллар кымбаттады. Карантин убагында, мына азыр дагы көпчүлүк өсүмдүк майын иштеп чыгарган ишканалар көпчүлүгү толук иштей элек. Биз бааларды жогорулата электе эле Орусиядан эскертүү келген. Азыр эми апта сайын 5 сомдон кошулуп жатат. Мындан ары дагы жогорулашы мүмкүн", - деп билдирди сатуучу Наргиза Абылкасымова.
"Албетте, базарда азык-түлүккө болгон баалар кымбаттап жатат. Анын ичинен өсүмдүк майына болгон баа өтө эле жогорулады. Бул барыбызга эле кыйын болду. Мурда бир литрлик өсүмдүк майын 85 сомго алсак , азыр 135 сомдон кымбатыраак сатылып жатат. Ошол эле 5 литрликтерди 430дан алсак, азыр 560 сомдон болуп кетти. Кумшекерди 44 сомдон алчумун, азыр 50 сомго жогорулап кетти", - деген оюн билдирди шаар тургуну Гүлкайыр Мамашева.
Бишкек шаарында эки апта мурда 1 литр өсүмдүк майы 103 сомдон 130 сомго чейин сатылса, учурда 135-140 сомдон сатылууда. Ал эми кумшекердин баасы 50-52 сомду түзүп, өзгөрүүсүз бойдон калган.
кошулду






1 |