Эттин баасы кайсы шаарда кымбат? КМШ өлкөлөрүндөгү азык-түлүктүн баасы боюнча статистика (таблица)
Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттердин борбор шаарларындагы азык-түлүк бааларынын статистикасын Улуттук статистикалык комитети жарыялады.
Ага ылайык, негизги тамак-аш азыктарынын максималдуу орточо керектөө баалары Москва шаарында катталганы маалымдалат.
"Таблицадан көрүнгөндөй 2020-жылдын октябрында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн борборлорунун ичинен картошкага болгон максималдуу орточо чекене баа Москва шаарында, ал эми минималдуу чекене баа - Нур-Султан шаарында белгиленген. Ушул эле мезгилде уй этине, биринчи сорттогу унга, пастерленген сүткө болгон эң төмөн баа Минск шаарында байкалды. Каймак, майга жана кой этине болгон минималдуу баалар Бишкек шаарында катталган.
2020-жылдын октябрында жумурткага болгон орточо чекене баа Бишкек шаарында Нур-Султан шаарына караганда 7,5 пайызга жана Минск шаарында байкалган баалардан 3,2 пайызга жогору экени аныкталган. Ал эми Бишкекте уй этине болгон баалар Минск шаарынан 22,2 пайызга жогору болду. Муну менен бирге 2020-жылдын октябрында Бишкек шаарында биринчи сорттогу ундан жасалган нанга орточо баалар Нур-Султан шаарындагы баалардын деңгээлинен 36,8 пайызга, Минск шаарынан - 10,5 пайызга ашты" , - деп жазылган маалыматта.




1 |