super.kg logo

Милициянын кайгуул кызматкерлери көчөдө үй-жайсыз жаткан жаранды “Үмүт” кайрымдуулук үйүнө жеткиришти

 

Милициянын кайгуул кызматкерлери көчөдө үй-жайсыз калган жаранды “Үмүт” кайрымдуулук үйүнө жеткиришти. Бул тууралуу кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"22-ноябрда болжол менен саат 12:03 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматынан Элебесов жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жаран жатат деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1967-жылы туулган С.В. аттуу туруктуу жашаарга жери жок жаран үшүп, жол жээгинде жаткандыгын көрүшкөн.

Чакыруу менен келген кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, үшүп калган жаранды кызматтык унаага салып, А.Токомбаев дарегинде жайгашкан “Үмүт” кайрымдуулук үйүнө жеткиришкен.
Ал жактан жарандар убактылуу жатканга жылуу жай, ысык тамак-аш менен камсыз болушат", - деп жазылат билдирүүдө.

Кайгуул кызматкерлердин ыкчам аракетине үй-жайсыз жаран ыраазычылыгын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: