Сыймык Жапыкеев: "Финполдун кызматкерлери мыйзамдуу бизнестин ишине кысым көрсөтсө жумуштан алынат"
Финполдун кызматкерлери мыйзамдуу бизнестин ишине кысым көрсөтсө жумуштан алынат. Мындай билдирүүнү Финансы полициясынын апталык ыкчам кеңешмесинин жүрүшүндө төрага Сыймык Жапыкеев маалымдады.
“Коронавирус чындыгында күтүлбөгөн көрүнүш болуп, өлкөдөгү экономикалык кырдаалга өтө терс таасирин тийгизди жана биз бизнестин укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган катары ишкерлерге тийиштүү колдоо көрсөтүүгө милдеттүүбүз. Ак ниетсиз, коррупциялашкан аткаминерлердин бизнеске кысым көрсөтүүсүнө жол берген терс факторлорду жок кылуу керек. Инвестор үчүн эң башкысы бийликтин чынчылдыгы жана калыстыгы. Эгерде Мамлекеттик органдардын, анын ичинде ЭККМКнын кызматкерлери мыйзамдуу бизнестин ишине кысым көрсөтсө жумуштан алынат”,- деди Жапыкеев.
Кеңешменин аягында төрага Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчыларына жарандарды жана ишкердик субъекттерин жалпы республика боюнча үзгүлтүксүз кабыл алууну уюштурууну тапшырды.
