super.kg logo

Гимндин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев каза болду

 

Гимндин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев каза болду. Социалдык тармак аркылуу Шабданбек Кулуевдин кызы Элнура Кулуевага анын саналаштары көңүл айтышууда.

Шабданбек Кулуев Жумгал районунун Чаек айылында 1942-жылы 1-январда туулган. Ал 1966-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 1963-жылы Суусамыр өрөөнүндөгү 8-март, Каракол башталгыч мектептеринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган.

1969–1990-жылдары Жумгал районунун Жумгал, М.В.Фрунзе атындагы орто мектептерде тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, директор,

1990–2006-жылдары Жайыл районунун Түркмөн атындагы орто мектебинде математика мугалими, “Кыргыз туусу” гезитинин штаттан тышкаркы кабарчысы болуп иштеген.

1987-жылы “Эмгек ардагери” медалы, 1993-жылы “Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги” төш белгиси берилген.

Ал Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири болуп, 1994-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы берилген.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Шабданбек Кулуевдин дүйнөдөн кайткандыгына байланышутуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: