Балдардын укугун коргоо коомдук фонду: "Апасы тосмо арыз жазып берген күндө дагы баланын укугу корголот"



Буга чейин Чүй облусунун Сокулук районунда 6 жашар бала катуу сабалганы кабарланган. Анда баланын апасы күйөөсүнө карата тиешелүү чара колдонууну өтүнүп, милиция кызматкерлерине кайрылган.
Кечээ, 23-ноябрда Чүй ОИИББинин маалымат кызматы 6 жашар баланы аёосуз сабаганга шектелген жаран кармалып, Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирген.
Ал эми бул окуя боюнча жабырлануучу тараптын жактоочусу Шердор Абдыкапаровго байланышканыбызда баланын апасы тосмо арыз жазып бергенин билдирген.
Апасы тосмо арыз жазып берген күндө дагы баланын укугу корголот. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда балдардын укугун коргоо коомдук фондунун негиздөөчүсү Назгуль Турдукулова SUPER.KG порталына билдирди.
"Негизи апасы кечиреби же тосмо арыз жазып береби бул эми мааниге ээ эмес. Биздин коомдук фонд баланын өгөй атасынын кармалуусун талап кылып, маселени көтөрүп чыктык да. Ал 1 жума эч кандай жоопкерчилик тартпай эле жүрүптүр.
Биздин фонд тарабынан атайын координациялык топ түзүлүп, кайрылууларды жолдогондон кийин анан шектүү кармалды. Апасынын каалоосуна карабастан, ал эч кандай дооматым жок деген күндө дагы баланын укугу корголуусу үчүн Эмгек жанан социалдык өнүктүрүү министрлигинен атайын өкүл баланын кызыкчылыгын алдыдагы процесстерде жана тергөө иштери жүрүп жатканда да дайыма коргоп берет.
Кийин сот карамагына өткөндөн кийин дагы юрист катары баланын укугун коргойт. Бул жерде тосмо арыз деле эч кандай мааниге ээ эмес. Жогоруда айтпадымбы атайын топ түзүлдү деп, биз соттор менен тыгыз иш алып барабыз", - деп билдирди Назгуль Турдукулова.
Окуянын чоо-жайы:
18-ноябрда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине 25 жаштагы келин кайрылган. Арыздануучу 33 жаштагы күйөөсүнө карата чара көрүүнү өтүнгөн. Айтымында, 18-ноябрга караган түнү жолдошу эч себепсиз эле 6 жашар баласынын денесине залал келтирген.
Аталган факты Октябрь РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 75-берене (үй-бүлөлүк зомбулук) менен катталып, иш андан кийин аймактык, тагыраагы Сокулук РИИБине өткөрүлүп берилген. Ал эми баланын алган жаракаттарынын деңгээлин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Кийин жабырлануучу жактын жактоочусу Шердор Абдыкапаров баланы №3 ооруканадан 21-ноябрда таенеси чыгарып, Нарын облусунун Ат-Башы районуна алып кеткендигин билдирген.
