Караколдо заманбап китепкана ачылды (сүрөт)








Каракол шаарында заманбап китепкана ачылды. Бул тууралуу китепкананын кызматкери Бегайым Мусакеева билдирди.
Анын айтымына караганда, китепкана бардык шарттары менен заманбап стилде жасалган. Китепканадагы китептер элдин колдоосу менен чогултулган.
"Бул долбоордун идеясы бир жыл мурун пайда болгон. Аны ишке ашыруу үчүн бир жылдай убакыт керектелди. 15,20 дай адам топтолуп, өз колдору менен оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүштү. "Дем" китеп борбору бир нече багыттагы иштерди камтыйт. Биринчиси окуу залы, анда 2 миңге жакын китеп бар. Алардын баары заманбап китептер. Ал эми 2 миң китеп элдин жана жеке ишкерлердин эсебинен чогултулду. Китепканада тренинг, конференцияларды өткөрүүгө атайын бөлмө бар. Мындан сырткары окуучулар үчүн ачык сабактарды өткөрүүгө болот. Китепканага келип, китеп окууга ыңгайлуу болсун деп бардык шарттарды түзүп бердик", - деди Бегайым Мусакеева.


1 |