super.kg logo

Жактоочу: "Өлкөдө зомбулук көргөн балдар толтура, мындай иштер көбүнчө "кыргызчылык" менен бүтүп калат"

 

Кечээ, 24-ноябрда Чүй облусунун Сокулук районунда катуу сабалган 6 жашар баланын апасынын жактоочусу алар менен иштешүүдөн баш тартканын билдирген.

Жактоочунун айтымында, баланын апасы башында берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, күйөөсүнө жактап баштаган.

Бул маалыматты айтып жатып, жактоочу Шердор Абдыкапаров негизинен зомбулук көргөн балдар көп экенин айтып, анда сабалган балдарга мындай деңгээлде маани берилбей келээрин билдирген.

Ага ылайык, Шердор Абдыкапаров өзүнүн күнүмдүк тажрыйбасында кезигип жүргөн окуялар тууралуу айтып, көпчүлүк мындай иштер "кыргызчылык" менен бири-бирин кечиришип бүтүп калаарын билдирип, буларга токтолду:

"Мен мисалы райондук ички иштер бөлүмүнө кирип калганда, байкасам бүт эле балдар сабалып жатат деген маалыматтар келип түшкөн болот. Мындай учурлар көп. Ар бир райондун ички иштер бөлүмүнө мындай арыздар көп келет. Бизде мындай да, мисалы балдарды сабайт, анан эртеси күнү апасы келип "кыргызчылык" кылып кечирдим дейт, тосмо арыз жазып берет, анан ошо менен иш жабылат дегендей... Себеби акыркы тагыраагы, жаңы 2019-жылдык жаза кодексине ылайык, бул жөн гана туура эмес жүрүм-турум болуп калат. Мындай ишти сотко жибергенде, эң чоң дегенде админстративдик айып пул төлөйт, болду андай деле катуу жаза жок.

Ал эми жеке менин тажрыйбамда болсо, мисалы; мага телефон чалып кайрылышса, биз ал сабаган жаранды таап, аны менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жабырлануучу тарапка моралдык зыян келтиргени үчүн жоопко тартылат (компенсация төлөп), же дагы деле кечирим сурайт, андан кийин кое берилет дегендей. Бир, эки жолу ушундай кыргызча бүтүп кеткен, кечиришип. Мындай учурда жактоочулардын колунан эч нерсе келбей калат", - дейт жактоочу Шердор Абдыкапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.11.2020. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
"Кыргызчылык" дебей эле койсоңор, бул баардык элде бар... Алардыкы дагы кыргызчылык Рысбек?
25.11.2020. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызчылыкпы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: