Өлкөдө жөлөк пул алгандардын саны 542 миңден ашты
1-ноябрга карата мамлекеттик жөлөк пулду алуучулардын жалпы саны 542 миң 600 адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпысынан республика боюнча үй-бүлөгө көмөк жөлөк пулдун орточо өлчөмү 869 миң 200 сомду түздү. Социалдык жөлөк пулдун орточо өлчөмү 307 миң 800 сомду түздү.
Алардын ичинен:
- "Үй-бүлөгө көмөк" - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж үй-бүлөлөргө ар айлык жөлөк пул алуучулардын саны – 330 миң адам;
- "социалдык жөлөк пул" – пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөк пул алуучулар – 92 миң 800 адамды түздү.
- бала төрөлгөндө бир жолку жөлөк пул "балага сүйүнчү" алуучулар – 119 миң 800 адамды түздү.
Мамлекеттик жөлөк пулдарды төлөөгө республикалык бюджеттин каражатынан жалпы суммасы 6 миллиард 359 миллион 400 миң сом акча каражаты каржыланган. Алардын ичинен:
- "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулду төлөөгө – 2 миллиард 889 миллион 500 миң сом;
- социалдык жөлөк пулду – 2 миллиард 986 миллион 600 миң сом;
- "балага сүйүнчү" жөлөк пулу – 483 миллион 300 миң сом каржыланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.