super.kg logo

Ат-Башыга кайрадан бажы-логистикалык комплексин куруу пландалууда

 

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун аймагына бажы-логистикалык комплексин куруу маселеси талкууланды. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-ноябрда Экономика министрлигине караштуу Мамлекеттик жеке менчик өнөктөштүгүнүн борборунун кызматкерлери Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн Нарын шаарына иш сапары менен барышты. Анда бир катар тийиштүү мекеменин кызматкерлери жана Ат-Башын районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Нурбек Сатаров менен кеңешме өткөрүштү.

"Бул кеңешмеде мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында “Нарын облусунун Ат-Башы районунда бажы-логистикалык комплексинин (БЛК) курулушу” долбоорун ишке ашыруу боюнча маселелер талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө БЛК курулушуна байланыштуу жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин уюштуруу маселелери чечилип, андан аркы иш-чаралар бекитилди. Долбоорду ишке ашырууда, жергиликтүү бийликтин жардамы өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басарынын көзөмөлүндө болот. Мындан тышкары, БЛK куруу үчүн альтернативдүү жерлер каралып, эң ылайыктуу жерлерге анализ жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

“Нарын облусунун Ат-Башы районунда бажы-логистикалык комплексинин курулушу” долбоору өкмөттүн 2016-жылдын 1-декабрындагы буйругуна ылайык демилгеленген.

"Ошону менен бирге, мамлекеттик өнөктөш катары Мамлекеттик бажы кызматы чыгып жаткандыгын белгилейбиз. 2017-жылдын октябрь айынан 2018-жылдын март айына чейин долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыккан, ага ылайык жеке өнөктөш менен келишимдин иштөө мөөнөтү 25 жыл, ал эми талап кылынган инвестиция көлөмү болжол менен 30 миллион АКШ долларын түзөт. Учурда Бажы кызматы менен Мамлекеттик-менчик өнөктөштүк борбору тендердин документтерин даярдады. Өз кезегинде, долбоорду ишке ашыруу үчүн сынак жарыяланып, тендердин жыйынтыгы менен жеңүүчү аныкталат", - деп жазылат билдирүүдө.

Ал эми долбоордун максаты - чек ара бажы инфраструктурасы ар дайым региондон тышкары базарларга чыгууда, ошондой эле региондук жана эл аралык өнөктөштөр менен сооданы кеңейтүүдө маанилүү фактор болуп калат, бул өлкөнүн экономикалык өсүшүнө оң таасирин тийгизет.

Министрлик жакында долбоорду каржылай турган компанияларга тендер жарыялана турганын кошумчалайт.

Эске салсак, Ат-Башыга логистикалык борбор куруу чечими 2019-жылдын аягында чыккан. Бирок жергиликтүү тургундардын каршылыгынан улам салынбай турган болгон.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
02.12.2020. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Курулбайт
02.12.2020. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кытайларды жолотпош керек, кытмырланып атышабы дагы
03.12.2020. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Курулса да Аксайдан башка жака, кытайдан башка эле мамлекет (Россия, Германия, Турция ж.б.) курушу керек, же озубуздун деле ишкерлер бар инвестиция сала турган озубуздукулор курсун. Аксайдеген мал жайлап кыштай турган жайыт жер.
05.12.2020. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vbrb,малымдын жери,малым журот ал жерде деп кыргыз малы учун кандай гана артта калып баратабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: