super.kg logo

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев COVID-19га каршы вакцина алуу үчүн Улуу Британиядан жардам сурады

 

Кечээ, 9-декабрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Улуу Британиянын тышкы иштер жана эл аралык өнүгүү министрлигинин өкүлү Вэнди Мортон менен видеоконференциясы болуп өттү.

Сүйлөшүүдө министр Вэнди Мортонго Кыргыз өлкөсү менен Париж келишиминин (2019-жылдын ноябрь айы) натыйжалуу ишке ашырууга багытталган иштери жөнүндө маалымат берди.

"Мындан тышкары Казакбаев Улуу Британияга экология жана климаттын өзгөрүшү маселелеринде көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Кыргыз өлкөсү менен Улуу Британиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алышышты.

Кыргыз тарап Улуу Британиядан калктын аярлуу катмарын (медицина кызматкерлери, мугалимдер, карылар) эмдөө үчүн коронавируска каршы вакциналар менен камсыздоодо жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.12.2020. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уффф,жардам сурады дегенин эле угасын.Англия озу олойун деп атат жетишпей ооруларын караганга."Турчу ары" дегидей болуп турушат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: