super.kg logo

Кыргыз студенттери Румыния мамлекетинин жогорку окуу жайларында акысыз билим ала алышат

 

Кыргыз студенттери 2021-2022-окуу жылында Румыния мамлекетинин жогорку окуу жайларында акысыз билим алуу үчүн жарыяланган сынакка катыша алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган гранттар Румын өкмөтүнүн стипендиялык программасынын чегинде бөлүнөт. Стипендиялык программанын башкаруусун Румыниянын Тышкы иштер министрлиги жүргүзөт.

Документтер талапкерлер тарабынан электрондук же кагаз түрүндө (мүмкүн болушунча электрондук форматта) Румыниянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү аркылуу гана берилиши керек.

Грантка төмөнкү окуу программаларына тапшырса болот:

  • Бакалавриат (3-6 жыл);
  • Магистратура (1,5-2 жыл);
  • Докторантура (3-5 жыл).

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү 2021-жылдын 30-апрелине чейин.

Грант ээлерине Румын өкмөтү тарабынан төмөнкү шарттар каралган:

  • Акысыз окуу;
  • Жатакана (бош орундар бар болсо);
  • Медициналык камсыздандыруу (өзгөчө кырдаалда);
  • Жергиликтүү транспорттук чыгымдар;
  • Ай сайынкы стипендия (бакалавриат программасынын студенттерине 65 евро, магистратура программасынын студенттерине 75 евро жана докторантура программасынын студенттерине 85 евро).

Стипендия Румыниядагы университетке чейинки эл аралык жана ички транспорттук чыгымдарды жаппайт.

Талапкерлерге коюлган талаптар:

  • Сынакка Европа биримдигинен башка бардык мамлекеттердин жарандары катыша алат;
  • Окутуу румын тилинде жүргүзүлөт, билбегендер биринчи окуу жылын тил үйрөнүүгө багыттайт (толугураак маалыматты шилтеме аркылуу билсе болот).

Негизги талап кылынган документтердин тизмеси:

  • Румынияда стипендия алуу үчүн өтүнмөнүн формасы жана кабыл алуу жөнүндө кат берүү үчүн өтүнмө толугу менен толтурулуш керек. Өтүнмөнүн формасын шилтемеси аркылуу жүктөсө болот.
  • Алынган дипломдордун көчүрмөлөрү (бакалавриат, магистратура, докторантуранын дипломдору англис, француз же румын тилдерине которулуп, нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүш керек);
  • Академиялык транскрипттин көчүрмөлөрү (англис, француз же румын тилдерине которулуп, нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүш керек);
  • Туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (же ага барабар документ) англис, француз же румын тилдерине которулуп, нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүш керек;
  • Жалпы жарандык паспорттун алгачкы үч барагынын көчүрмөсү;
  • Резюме (англис же француз тилинде EuroPass форматында болушу зарыл). Резюменин формасын
    шилтемеси аркылуу жүктөсө болот. Докторанттар англис, француз же румын тилинде Румыниянын ЖОЖдорунда окууга ниети бар тууралуу кат тиркеш керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: