Депутат Бишкектеги кара түтүн боюнча токтом долбоорунун аткарылышы боюнча тийиштүү жетекчилерге чара көрүүнү сунуштады
Депутат Абдывахап Нурбаев Бишкектеги кара түтүн боюнча токтом долбоорунун аткарылышы боюнча тийиштүү жетекчилерге чара көрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Жогорку Кеңеш токтом долбоорун кабыл алып берген. Токтом долбоор аткарылган эмес. Бул маселени парламенттин комитеттеринде карап, тийиштүү жетекчилерге чара көрүлүшү керек", - деди ал.
Вице-спикер Мирлан Бакиров бул маселени кароо комитеттерге жөнөтүлө турганын айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.