super.kg logo

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

 

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун дарегине Конституцияда каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун кээ бир райондук, шаардык сотторунун, ошондой эле Ош облустук сотунун жана Бишкек шаардык сотунун айрым судьялык бош кызмат орундарына дайындоого 20 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

Талант Мамытов тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алып, судьялык кызматка 9 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунуштары менен макул болду.

Ал эми калган 11 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, судьялык кызматка сунушталган бул талапкерлер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарды.

Талант Мамытов 9 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктарын чыгарып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

Чүй облусу:

Аламүдүн райондук сотуна:

  • Байсов Кылыч Таштанбекович;
  • Касымалиев Бакыт Мукамбетович;
  • Суйеркулов Эрлан Оморалиевич;

Сокулук райондук сотуна:

  • Самудинов Кубанычбек Бердибекович.

Панфилов райондук сотуна:

  • Тагаев Тилек Мамедович.

Токмок шаардык сотуна;

  • Астаркулов Данияр Шаршенбекович.

— Ош облусу:

Ош облустук сотуна:

  • Майлубашов Нурбек Рысбаевич.

— Бишкек шаары:

Бишкек шаардык сотуна:

  • Калбаев Алмаз Тургуналиевич.

Свердлов райондук сотуна:

  • Саткынбаев Рустам Шайлобекович.

Бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: