super.kg logo

Кытайдан товар ташуу маселесин чечип берүүнү талап кылган "Дордой" базарынын сатуучулары митингге чыгышты

 
Бүгүн, 18-декабрда Бишкектеги "Дордой" базарынын сатуучулары өкмөт үйүнүн жанына митингге чыгышты. Алар Кытайдан товар ташуу маселесин чечип берүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу аталган базарда сатуучу болуп иштеген Канымбүбү Осмонова билдирди.
"Биздин митингге чыкканыбыздын себеби Кытайдан келе турган товарларыбыз убагынан өтө эле кеч келип жатат. 2-3 айлап күткөн товарларыбыз чек арада кармалып турат. Жаздагы товарларыбыз кышта келип, кышкы товарларыбыз келбей биз чоң жоготууга учурап жатабыз. Ошондуктан товарларыбыз өз убагында келиши үчүн ушул көйгөйлөрдү чечип берүүсүн талап кылабыз", - деп түшүндүрдү сатуучу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: