Өгөй атасы эки жылдан бери зордуктап жүргөн 15 жаштагы өспүрүм убактылуу таенесине берилет
Токмокто өгөй атасы эки жылдан бери зордуктап жүргөн 15 жаштагы кыз таенесине берилет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Билдирүүгө ылайык, өгөй атасы тарабынан 15 жашар кызга карата сексуалдык зомбулук көрсөтүлгөндүгү жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жөнүндө билдирүү Токмок шаарынын Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына келип түшкөн. Министрликтин атайын кызматкерлери милиция менен бирге 5-декабрда түнү окуя болгон жерге барышкан.
"Барып чыр-чатакты тактоо учурунда үй-бүлөнүн улуу кызына өгөй атасы тарабынан сексуалдык зомбулук көрсөтүлгөнү белгилүү болду. Ошондой эле кызды ата-энеси 3-класста окуп жүргөн кезинде Кемин районундагы мектептен маалым катынын негизинде алып кеткени аныкталды. Үй-бүлөдө 8 бала тарбияланат, кичүүсү ымыркай. Токмок шаарынын Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгындагы үй-бүлө бакубатсыз же муктаж, аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо турган эмес. Аныктоо учурунда эне менен баланын ортосундагы мамиле туруктуу болгон эмес", - деп билдиришти министрликтен.
Ошондой эле министрликтен учурда кыздын абалын балдар иштери боюнча атайын комиссия карап жатканын кошумчалашты.
"Ошол күнү психиатр кошо катышып, фактыны карап жатканда кыз чыңалган моралдык-психологиялык абалды көрсөткөн. Анын багыты боюнча кыз Республикалык психикалык саламаттык борборуна жаткырылган, учурда ал дарыланып жатат. Бүгүнкү күндө Токмок шаарынын Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан үй-бүлөнү баалоо иштери жүргүзүлүп, анын негизинде баланы коргоо боюнча жана үй-бүлө менен жекече иштөө планы иштелип чыгып, аны Токмок шаарынын мэриясынын алдындагы Балдар иштери боюнча комиссия карап чыгууда.
Пландарда тергөө аяктаганга чейин кызды тууганынын (таенесинин) үй-бүлөсүнө убактылуу жайгаштыруу, ошондой эле реабилитациялык, медициналык жана психологиялык кызматтарды көрсөтүү, жашы жете элек кызды билим алууга тартуу боюнча чаралар камтылган. Учурда ата-эне менен баланын мамилесин калыбына келтирүү максатында туугандары менен иштөө күтүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Окуянын чоо-жайы:
Кечээ, 19-декабрда Токмокто 15 жаштагы кызды өгөй атасы эки жылдан бери зордуктап келгенин, өспүрүмдүн апасы бул жөнүндө билип, бирок унчукпай келгенин жактоочу билдирген.
Ал эми бул боюнча Чүй ОИИББи аталган иш кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 161-беренеси (Зордуктоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталганын билдирген.
SUPER.KG порталы кыздын таежеси Гүлзада Сарукевага барганда, ал өгөй атасы кыздын колтугуна сайып тийишкенин, түндө ойготконун көрүп шек санаганын айтып окуя тууралуу баяндап берген.

