Ошто жаңы салынган спорт комплекси пайдаланууга берилди











Бүгүн, 21-декабрда Ош шаарында Иран өлкөсү тарабынан курулган спорт комплекси пайдаланууга берилди. Бул туурасында мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.
Ачылышка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харразиден, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, спортчулар жана жергиликтүү тургундар катышты.
“Кыргыз-Иран” достук спорт комплекси бир гана биздин келечектеги чемпиондорду даярдоо эмес, Кыргыз өлкөсү менен Ирандын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдөөгө шарт түзөт десем жаңылышпайм. Биздин машыктыруучулар спорт комплексте өтүүчү иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү менен, ар улуттан турган болочок спортчуларды тарбиялап элибиздин спорттук байлыгын, улуттук толеранттуулугун жана мекенчилдик сезимдерин ойготууга чоң салым кошот. Бул жерде эл аралык мелдештер уюштурулуп, Ош шаарынан мыкты спорт чеберлери, Азия жана дүйнө чемпиондору чыгат деген ишеним чоң”, - деди шаар жетекчиси.
Аталган спорт комплексте 2 машыгуучу зал, жуунуучу, кийинүүчү бөлмөлөр бар. 1-залында кыргыз күрөш, дзюдо, грек-рим, эркин күрөш, самбо, таэквондо, каратэ-до боюнча машыгуулар, 2-залда волейбол, баскетбол, кичи футбол боюнча машыгуулар жана мелдештер өткөрүлөт.Спорт комплекстин короосунда да волейбол аянтчасы бар. Мындан тышкары кичи балдар ойноочу аянтча да курулду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.