super.kg logo

Кыргыз-Пакистан бизнес-форумунда билим берүү жаатында бир нече келишимдер түзүлдү

 

Бишкекте "Жибек Жолун кайра ойлонуу: Кыргыз өлкөсү менен Пакистан өз ара байланыш доорунда" аттуу кыргыз-пакистан бизнес-форуму болуп өттү. Бул жөнүндө Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бизнес-форумдун алкагында Билим берүү жана илим министрлиги жана Пакистан тараптан Лахор тынчтыкты изилдөө борбору биргеликте уюштурган тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столдун жыйынтыгында билим берүү жана илим жаатында кызматташуу боюнча төмөнкү меморандумдар жана келишимдер түзүлдү:

  • Билим берүү жана илим министрлиги менен Лахор медициналык илимдер университетинин (Пакистан) ортосунда билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Билим берүү жана илим министрлиги менен Лахор тынчтыкты изилдөө борборунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Кыргызстан Эл аралык университети менен Медициналык илимдер университетинин (Лахор, Пакистан) ортосундагы билим берүү тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз экономикалык университети менен Лахордогу Тынчтыкты изилдөө борборунун ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Евразия эл аралык медицина университети менен Лахор университетинин ортосундагы билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Евразия эл аралык медицина университети менен Түштүк Азия университетинин (Лахор, Пакистан) ортосундагы билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: