Интернетте эмне кеп? "Күмүш сөйкөмдү өсүмдүк майына алмаштырам". Биринчи айым болуу кимге буюрат? Талапкерлердин бири секирип минсе, бири минбей койгон аргымактар...
Кыш менен кошо келген кымбатчылык өлкө жарандарын бир топ азапка салып жатат. Пандемиядан көп жарандардын айлык акысы азайган болсо, көбү жумушунан кол жууп калганы көпчүлүккө маалым. Тиешелүү органдар азык-түлүккө болгон бааны көзөмөлдөп жатканын айтканы менен алардын баалары өсүүнүн гана үстүндө болуп жатат. Кымбатчылыктын айынан интернет булактарында ар кандай жарнамалар пайда болгонун көрүүгө болот. Алардын бири көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурду. Анда белгисиз жаран өзүнүн күмүш сөйкөсүн жана башка кооздуктарын өсүмдүк майына алмаштырарын жазган. Интернет колдонуучуларынын бири белгисиз жаран, жарнама берген айым пирожки жана башка нерселерди жасап сата тургандыгын жана май кымбат болуп жаткандыктан ал мындай жарнаманы чыгарууга аргасыз болгонун жазган.
"Ар бир ийгиликтүү мырзанын артында күчтүү айым турат" деген сөзгө таянып президенттикке ат салышып жаткандардын өмүрлүк жубайларына кызыккандардын саны арбын. Интернет колдонуучулар биринчи айым болуп калуусу ыктымал болгондорго көз чаптырып, алар тууралуу анча-мынча маалымат жазышты. Айрым талапкерлердин жубайлары тууралуу ачык булактарда эч кандай маалымат жок экенин да кошумчалай кетели.
Жаңы гана коомчулук Ысык-Көлдөгү кызды зордуктоого шектелген адамдарды сот бошотуп жибергенге нааразы болуп, адилеттүүлүктү талап кылып жаткан учурда, кайрадан Токмоктогу 25 жаштагы кыз үрөйдү учурган окуяны ачыкка чыгарды. Анда ал өгөй атасы 2 жыл бою зордуктап жүргөнүн айтып, азыркы тапта териштирүү иштери жүрүүдө. Укук коргоочулар мындай окуялар өлкөбүздө көп экенин, "уят" деген нерсенин айынан алар ачыкка чыкпай калаарын айтышты. Ошондой эле өлкөдө дагы да болсо жашы жете элек кыздарды күйөөгө берүү, ала качуу азайбастан күн сайын көбөйүп жатканын билдиришти.
Шайлоонун шайтан оюндары жакындап талапкерлер элди түрө кыдырып, агитация кылып жаткан учуру. Бул ирет да карапайым калк болуп өткөн шайлоолор элди эч нерсеге үйрөтпөгөнүн далилдеди көрүнөт. Кайсы талапкердин жолугушуусу болбосун баягы эле аргымакты алдына тартып, үстүнө чапан жаап узатканы-узаткан. Айрымдары ат тартуулап гана тим болбостон, ат менен жарыша чуркаганына да күбө болдук. Ат мингизип, чапан жапкан меймандостук салтыбыз калбаса да, кошоматчылык "салтыбыз" калса... Талапкерлерге упай алып берем деген кээ бир кошоматтык көрүнүштөр тескери жыйынтык берип, тээ төбөдө тиктеп турган Боршайком улам үн катып жаткан чагы. Анан дагы Шайлообек Дүйшеевдин төмөнкү ыр саптары эске түшөт
Падышалар жолду эч качан көрүшпөйт,
Көрөйүн дейт жандагандар көнүшпөйт.
Жолду көрбөй жок болушат акыры,
Жолду көргөн падышалар өлүшпөйт.
кошулду



1 |