Өкмөт мамлекеттик ипотекалык насыялар боюнча пайыздык ченди төмөндөтүү сунушун берди

Өкмөт "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна 2019-жылдын 1-октябрына чейин берилген мамлекеттик ипотекалык кредиттер боюнча пайыздык ченди жылына 6–8 пайызга чейин төмөндөтүү сунушун берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Тийиштүү чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков кол койду.
"Бүгүнкү күндө бардык жарандар үчүн бирдей шарттарды түзүү маанилүү. Ошондуктан өкмөт тарабынан "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААК мурда берилген кредиттер боюнча пайыздык ченди төмөндөтүү маселесин иштеп чыгуусу тапшырылган. Ипотекалык компания өз эсебинен пайыздык чен деңгээлин төмөндөтүүсү керек. Пайыздык ченди төмөндөтүү – бул чоң эмес, бирок Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жарандарга финансылык жүгүн кыскартуу максатындагы көмөгү болуп саналат. Буга катар республикалык бюджет каражатынын эсебинен иштеп жаткан ипотекалык компаниянын иштөө механизмин өзгөртүү зарылдыгын белгилеп кетким келет", - деди Новиков.
Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААК учурдагы финансылык абалын начарлатпоо жана ишин турукташтыруу үчүн Финансы министрлиги аркылуу мурда берилген кредиттерди кайрадан карап чыгуу боюнча тийиштүү сунуш даярдап чыгууну тапшырды.
Өкмөттүн "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна 2021-жылдын 1-январынан тарта алгачкы төлөмдүн жылына, өздүк маржаны төмөндөтүү эсебинен, 7–9 пайыздык чен боюнча мурда берилген ипотекалык кредиттер пайыздык ченди жылына 6–8 пайыздык ченге дейре кайра эсептеп чыгуу сунушталат.



1 |