Кыргызстан профсоюздар федерациясындагы мушташ. Окуянын чоо-жайы айтылды
Буга чейин Кыргызстан профсоюздар федерациясында мушташ болуп, 5 адам сабалганы маалым болгон. Бул боюнча аталган федерациядан окуянын чоо-жайы тууралуу SUPER.KG порталына толук маалымат беришти.
Ага ылайык, профсоюзга тийиштүү саламаттыкты сактоо тармагынын жана курорттордун кызматкерлери 22 күн бою профсоюздар федерациясынын алдында айлык маянасын талап кылып митинг уюштурушкан. Алар бир жылдан бери маяна ала электигин айтышкан.
"25-декабрда Кыргыз өлкөсүнүн профсоюздар федерациясынын кезексиз съезди болуп, ага жалпысынан 300дөн ашуун делегат катышты. Буга чейин ар кайсы тармактын жетекчилери катышып, бир жетекчини шайлай албай коюшкан.
Андан улам кезексиз съезд чакырууга туура келген. Бул съездди башка күнгө жылдырууга мүмкүн эмес болчу. Себеби кызматкерлер айлык маянасын талап кылып митинг уюштуруп турушту. Митингге чыккандар бир жылдан бери маяна ала электигин айтышты. Буга себеп федерациянын айрым кызматкерлеринин ички интрига уюштурганы себеп болгон", - деп жазылат маалыматта.
Профсоюздар федерациясынын өкүлдөрү биринчи жолу өздөрү каалаган жетекчини, тагыраагы, Мирбек Асанакуновду тандаганы айтылган. Ал эми Сагын Бозгунбаевге кылмыш иши козголгонун, ал 5-6-октябрда профсоюзду басып алууга аракет кылганы жазылат.
"Кыргыз өлкөсүнүн профсоюздар уюму түзүлгөндөн баштап биринчи жолу делегаттар өздөрү каалаган жетекчини шайлашты. Бул федерациянын жетекчилиги тарабынан өткөрүлгөн маанилүү кадам болуп калды. Мирбек Асанакуновду элдин кызыкчылыгын көздөп жатканына делегаттардын көзү жеткени үчүн аны шайлашты. Буга чейин федерациянын айрым кызматкерлери өздөрүнчө шайлоо өткөрүп, жетекчи шайлашты.
Бирок алар кворум чогулта алган эмес. Шайлоо өткөргөн тараптын айтымында, 17 киши катышкан. Факты боюнча 12 киши болгон. Алар 74 жаштагы Сагын Бозгунбаевди шайлашкан. Ал кишиге бир нече кылмыш иши козголгон. 5-6-октябрдагы башаламандыкта профсоюздар федерациясын басып алууга аракет кылган. Бирок ал басып ала албаган. Профсоюздар федерациясында тынчтык болуп, кызматкерлердин айлыгы өз убагында берилиши керек. Бир жылдан бери айлык ала албаган карапайым адамдардын үнү угулушу керек", - деп билдирди маалымат кызматынан.



1 |