super.kg logo

Бишкектеги металл эритүүчү казан жарылган окуя: Абалы оор делген бейтап үйүнө чыгарылды

 

Буга чейин Бишкекте металл эритүүчү казан жарылып, 3 жаран жаракат алып, бирөөнүн абалы оор экени кабарланган. Бүгүн, 5-январга карата бейтаптардын абалы турукташып, үйлөрүнө чыгарылганы маалым болду. Бул тууралуу Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Жаракат алган 25 жаштагы жарандын абалы оор делип, жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Ал эми 37 жаштагы жаран биринчи жана экинчи даражадагы күйүк алып, дарыланып жаткан. Бүгүнкү күнгө карата бейтаптардын абалы канааттандырарлык болуп үйлөрүнө чыгарылды.

46 жаштагы жаранга амбулатордук жардам көрсөтүлүп, ошондо эле үйүнө чыгарылган", - деп билдиришти мекемеден.

22-декабрда саат 15:00 чамасында Бишкек шаарындагы мурдагы "Фрунзе" заводунун аймагындагы металл эритүүчү казан жарылып, 3 жаран жаракат алган.

Бул кырсык Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган. Мындан тышкары жарылуунун келип чыгуу себебин аныктоо үчүн өрт-техникалык экспертиза дайындалганы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: