"Бишкек башкы архитектурасы" муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары болуп Бакай Осмоев дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгон.
Бакай Осмоев 15 жыл жеке компанияларда архитектор-долбоорлочу болуп иштеген.