super.kg logo

Таластагы тез тамактануучу жайдагы кырсык: Кан керек болгон жабырлануучуларга өкмөттүн өкүлү баш болуп донор болууда

 

Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр айылында “Шаурма сити” тез тамактануучу жайда газ баллон жарылып өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 11 адам күйүк алып, анын ичинен 3 бейтаптын абалы оор экени, алар жандандыруу бөлүмүндө жатканы кабарланган. Ошондой эле жабыркагандарга кан керек болуп жатканын Кара-Буура райондук оорукананын жетекчиси Улан Бийгелдиев билдирген.

Бул билдирүүдөн кийин кайдыгер эмес жарандар кан тапшырып, жабыркагандарга жардам кылышууда. Донор болгондордун арасында өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов жана анын жардамчысы да бар.

Эске салсак, 4-январда саат 14:53тө Кызыл-Адыр айылынын Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү базардын жанында “Шаурма сити” тез тамактануучу жайда газ баллон жарылып өрт чыккан. Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 15:28де чектөөгө алынып, саат 16:52де толук өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен "Шаурма сити" жайынан тышкары, эт, уюлдук телефон саткан дүкөн жана чач тарач күйгөн. Өрттүн аянты болжол менен 140 чарчы метрды түздү. Кырсыктын келип чыгуу себеби газ баллонду колдонуудагы өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу экендиги кабарланган.
Талас ОИИБи аталган өрт кырсыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын, териштирүү иштери башталганын маалымдады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: