"Тергөө адилетсиз болуп, туугандарыбыз камакта отурат" деген Аксы районунун тургундары маалымат жыйын өткөрдү




“SUPER MEDIA” маалымат борборунда «Туура тергөө соттук-медициналык экспертиза туура жүргүзүлгөндө гана өтөт” аттуу маалымат жыйын болуп өттү. Жыйындын катышуучулары өткөн жылдын октябрь айында борбор калаада, андан кийин аймактарда орун алган башаламандыктардын тегерегиндеги маселелер боюнча УКМКга, ИИМге, Башкы прокуратурага кайрылуу жолдошту.
Алардын айтымында, Аксы районунун Кербен шаарындагы 7-октябрда болгон башаламандыктан кийин адам өлүмүнө шектүү катары 3 адам кармалган.
Шектүүлөрдүн жакындарынын бири Оролбек Шадыбековдун айтымында, тергөө иши адилетсиз жүрдү.
"Биз азыркы бийликтеги жетекчилерге кайрылуу жасоону туура көрдүк. Анткени октябрь окуяларынан кийин Аксы районунда акимдин кызматтан кетүүсүн талап кылган митинг орун алган. Анда чогулган эл эки тарап болуп, ортодо жаңжал тутанып кеткен. Тополоңдо Улан Жаманкулов аттуу адам жаракат алып, аны укук коргоо кызматкерлери ооруканага алып кеткен. Ал жерден эч ким каза болгон эмес. Жаракат алган жигит кийинчерээк тилекке каршы, каза болуп калды. Ага кол салууга шектелип, Шадыбеков Жылдызбек, Шадыбеков Кутман, Шадыбеков Тургунбек аттуу биздин туугандарыбыз кармалды. Бирок кармалгандардын эч кандай күнөөсү жок. Жаманкуловго кол көтөргөндөр башкалар экенин да көргөндөр бар. Азыр камакта отурган туугандарыбыз тескерисинче арачы болуп, каза болгон жаранга кол көтөргөндөрдү токтотууга аракет кылганын күбөлөр айтып жатса да тергөө иштеринде эске алынбай калды. Тергөө акыйкат өтсүн деген тилегибиз орундалбай жатат. Ошондуктан маалымат жыйын өткөрүп, УКМКнын төрагасынан, ИИМ министринен, Башкы прокурордон ушул иштин калыс тергелишине көмөк көрсөтүүсүн суранат элек", - деди Шадыбеков.
Ал эми “Альтернативдик экспертиза борборунун” башкы директору Кубат Шадыбековдун айтымында, тополоңдо жаракат алган адам кийинчерээк коронавирус илдетинен каза болгонун айтты.
"Менин колумда мамлекеттик экспертиза борборунда жасалган экспертизанын жыйынтыгы турат. Анда маркум коронавирус инфекциясынан каза болгону жазылган. Аны рентгенге түшүргөн дарыгердин жазганында маркумдун башында эч кандай оор жаракат жок деп жазылган. Бирок кийинчерээк негедир анын башына операция жасалган. Биздин пикирибизде Жаманкулов ковидден каза болгон. Тергөө адилеттүү жүрсө мунун баары далилденмек деп ишенебиз", - деди Шадыбеков.

