super.kg logo

БШК: "Бир катар шайлоо тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп табылды"

 

Кыргыз өлкөсү 10-январда мөөнөтүнөн мурда президентик шайлоо өткөргөн. Шайлоонун жыйынтыгы эсептелип жатканда алты участкалык шайлоо тилкесиндеги жыйынтыктар жокко чыгарылган. Ошондой эле мамлекеттик башкаруунун формасын аныктаган референдумда жети шайлоо тилкесинин жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Бул туралуу SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Айтымында, мындан ары да шайлоо тилкелеринде мыйзам бузуу катталса, жыйынтыктар дагы да жокко чыгып калуусу мүмкүн.

Маалыматка ылайык, Токтогулдагы №2238 – шайлоо участогунда каттоодогу шайлоочуларга караганда урнага салынган бюллетендердин саны көп экендиги аныкталган.

Тоң жана Араван райондорунда да ушундай эле учур катталып, эсеп жокко чыгарылган.

Ош шаарында да имараттан тышкары добуш берүүдө атайын реестрде көрсөтүлгөн шайлоочуларга караганда добуш берген шайлоочулардын саны көп экени байкалган. Мындан улам Ош шаарындагы төрт участокто добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: