super.kg logo

Тышкы иштер министри Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн башчысын кабыл алды

 

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европа Биримдигинин өкүлчүлүк башчысы, элчи Эдуард Ауэрди кабыл алып, 2021-жылга коюлган пландарын, ошондой эле кызматташтыктын алкагында боло турган иш-чараларды талкуулады. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кыргыз өлкөсүнүн учурдагы ички саясий кырдаалы жөнүндө маалымат берип, өлкөнүн демократиялык жолуна бекем берилген, коррупцияга каршы катуу күрөш жүргүзгөн, адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргогон өлкө катары Европа Биримдиги менен өз ара аракеттенүүнүн бардык тармактарында кызматташтыкты мындан ары чыңдоого жана өнүктүрүүгө өзгөчө кызыкдар экендигин белгиледи. Ошондой эле эки тараптын ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюунун жана ратификациялоонун мындан аркы процессин тездетүү маселесине өзгөчө маани бериле тургандыгын билдирди.

"Эдуард Ауэр Европа Биримдиги ушул жылдын 10-январында Кыргыз өлкөсүндө жакшы уюштурулган президенттик шайлоону кубаттай тургандыгы жөнүндө кабарлады. Президенттик шайлоо өлкөдөгү саясий туруктуулукту калыбына келтирүү үчүн маанилүү кадам болгонун баса белгиледи. Европа Биримдиги Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө, акыйкат башкарууга, мыйзамдын үстөмдүгүнө жана коррупция менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүүсүн улантарын белгиледи", - деп жазылат маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз өлкөсү менен Европа Биримдигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун маселелерин ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлдеги алдыдагы иш-чараларды талкуулашты. Ушул жылы Бишкекте Европа Биримдиги-Борбор Азия 1-экономикалык форумун уюштуруунун жана өткөрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди жана эки тараптуу кызматташтыктын бардык спектрин, анын ичинде Европа Биримдигинин Кыргыз өлкөсүндөгү долбоордук-программалык иш-чараларынын алкагындагы иштерди күчөтүүнүн зарылдыгын белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: