Баткен облусунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 10 жаранга майыптык арабалар тапшырылды





Баткен облусунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга майыптык арабалар тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалаловдун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында "Абийир" коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 10 жаранга майыптык арабалар тапшырылды.
Белгилей кетсек, облуста жалпы 20 миң 894 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар. Алардын муктаждарына жыл сайын мамлекет тарабынан акысыз майыптык арабалар берилип келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.