super.kg logo

Касым-Жомарт Токаев менен Кыргыз өлкөсүнүн президенти Садыр Жапаров телефон аркылуу сүйлөштү

 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Кыргыз өлкөсүнүн президенти Садыр Жапаров телефон аркылуу сүйлөштү.

Анда Казакстандын президенти инаугурация ийгиликтүү өткөнүн белгилеп, Садыр Жапаровду Кыргыз өлкөсүнүн президенти болуп шайланышы менен дагы бир жолу куттуктады.

Анда Токаев Казак-Кыргыз достугунун, жакшы коңшулаштыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн бузулбастыгын ырастап, маектештер эки тараптуу кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүү боюнча жигердүү биргелешкен иш-аракеттерге даяр экендигин билдирди.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле бардык күч-аракетин Кыргыз-Казак союздаштык мамилелерин жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого багыттайм деп ишендирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: